Бишкекте Эл аралык Эвразия Кесиптик бирликтеринин XVIII отуруму өттү
2026-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында «Кесиптик бирликтин заманбап кызматташтыгынын ролу: түрк тилдүү мамлекеттердеги билим берүү жана илим тармактарындагы туруктуу өнүгүүлөр» аттуу XVIII Эл аралык форум болуп өттү.
Эл аралык деңгээлдеги бул маанилүү иш-чара билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо, кызматкерлердин эмгектик жана социалдык укуктарын коргоо, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында кесиптик бирлик өкүлдөрүн, мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана билим берүү коомчулугун бир аянтчага чогултту.
Форумга Түркия, Казакстан, Румыния, Түндүк Македония, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик жетекчилери жана Кыргызстандан Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, КР илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, КР агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, райондук, шаардык, жана ЖОЖдордун кесиптик бирликтеринин төрага/төрайымдары катышты.
Форумду Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Саламат Боёнов ачты. Ал өз сөзүндө бүгүнкү күндө эл аралык кесиптик бирлик кызматташтыгы өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар билим берүү системасындагы заманбап чакырыктарды, педагогдордун социалдык корголушун, эмгек акыны жогорулатуу маселелерин, татыктуу эмгек шарттарын камсыздоону, кадрдык потенциалды өнүктүрүүнү жана кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоодогу кесиптик бирликтердин ролун кеңири талкуулашты. Ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү өздөрүнүн ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, мугалимдердин укуктарын коргоону күчөтүү жана билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды киргизишти.
Форумдун бардык катышуучулары бул аянтча билим берүү кызматкерлеринин көйгөйлөрүн талкуулоодо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоодо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Алар форумдун алкагында айтылган сунуштар билим берүү системасын өркүндөтүүгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана педагогдордун жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.