ОшТУнун кызматкерлерине бир күндүк эс алуу уюштурулду - It's Over 9000!

ОшТУнун кызматкерлерине бир күндүк эс алуу уюштурулду

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      ОшТУнун кесиптик бирлиги тарабынан, ОшТУнун 686 кызматкерине  400 сомдон акчалай берилип  бир күндүк  жайкы эс алуу уюштурулду. Ар бир институт ар бир бөлүм өз жамааты менен 27-28- июнь күндөрү,  Ош обласынын аймагындагы көз жоосун алган тоолуу кооз эс алуу жайларына барып эс алып келишти.  Белгилей кетсек, кызматкерлер  Алай районундагы Беш конуш, Чыйырчык жайлоосуна, Каракулжа районундагы Тогуз булак эс алуу жайларында эс алышты. Мындан сырткары административдик чарба бөлүмүнүн кызматкерлеринин эс алууга кеткен жол акылары, кесиптик бирлик тараптан толук каржыланып берилди.



Photogallery