ОшТУда ардагерлер сыйланды - It's Over 9000!

ОшТУда ардагерлер сыйланды

оэаму ишиму oshimu омму oimu

2026-жылдын 1-октябрында Ош технологиялык университетинде Эл аралык карылар күнүнө карата ардактуу курактагы кызматкерлерге арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара ректорат жана кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулду.

Салтанатка университетте көп жылдар бою эмгектенген ардагер окутуучулар жана кызматкерлер катышты. ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев ардагерлерди майрамы менен куттуктап, алардын университеттин өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгиледи.

Кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева да куттуктоо сөзүн айтып, ардагерлерге акчалай сыйлыктарды тапшырды. Иш-чаранын соңунда Маданий-эстетикалык борбор тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага келген кызматкерлер университеттин жетекчилигине жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.



Photogallery