КӨЭАУда балдар майрамы үй-бүлөлүк сынак менен коштолду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колу коюлган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Бириккен кесиптик бирлик комитетинин уюштуруусу менен “Биз бактылуу үй-бүлө” аттуу үй-бүлөлүк мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын кесиптик бирлигинин төрагасы Шералы Эгембердиев билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен расмий ачылып, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облусундагы өкүлү, биология илимдеринин кандидаты, доцент Саттаров Апсамат Эрмаматович, КӨЭАУнун Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Эгемберлиев Шерали Маннабович, факультет декандары жана колледж директорлору куттуктоо сөздөрүн жолдошуп, ийгиликтерди каалашты.
Мелдешке университеттин факультеттери, колледждери жана бөлүмдөрүнөн түзүлгөн үй-бүлөлүк командалар катышып, төрт баскыч боюнча күч сынашты.
🏆 Жеңүүчүлөр:
🥇 I орун (10 000 сом)
Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинин өкүлдөрү:
Акназар уулу Кадырбек жана анын үй-бүлөсү.
🥈 II орун (7 000 сом)
Медициналык колледжинин өкүлдөрү:
Абдураимов Кадырали Абсаматович жана анын үй-бүлөсү.
🥉 III орун (5 000 сом)
Юридика-экономика факультетинин өкүлдөрү:
Каримова Мээркан Капаровна жана анын үй-бүлөсү.
Мындан тышкары, мелдешке активдүү катышкан калган командаларга 3000 сомдон акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды.
Сыйлык тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Исаков Топчубай Эргешович жана «Бизнес Хаус КГ – Ош Сити Курулуш» ЖЧКсынын башкы директору Абдулазимов Улугбек Азизулаевич катышуучуларды куттуктап, баалуу белектерди тапшырышты.
Өз сөзүндө демөөрчү Абдулазимов Улугбек Азизулаевич балдар мамлекеттин келечеги экенин, ал эми өлкөнүн туруктуулугу бекем жана ынтымактуу үй-бүлөдөн башталарын белгилеп, иш-чаранын уюштуруучуларына жана эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, мелдештин акыйкат жана жогорку деңгээлде өтүшүнө окуу жайдын «Достук» спорт клубу чоң салым кошту.
✨ Мындай иш-чаралар үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдеп, сергек жашоо образын жайылтууга жана муундар ортосундагы ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзөт.