Ошто билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин жыйыны өттү - It's Over 9000!

Ошто билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин жыйыны өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

2026-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси Абдыкадыр Жунусов Ош шаарына иш сапары менен барып, аймактагы кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында Ош облусунун райондук, Ош шаардык жана жогорку окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда Борбордук комитеттин жүргүзүп жаткан иштери, алдыдагы артыкчылыктуу милдеттер жана кесиптик бирлик кыймылын өнүктүрүү багыттары талкууланды.

Жолугушууда кесиптик бирлик уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мүчөлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү, уюштуруучулук иштерди жакшыртуу жана заманбап талаптарга ылайык иш жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучуларга кесиптик бирлик ишмердүүлүгүн уюштуруу, каржылык жана административдик документтерди талапка ылайык жүргүзүү, отчеттуулукту туура даярдоо жана каржылык тартипти сактоо боюнча усулдук сунуштар берилди.

Өз сөзүндө Абдыкадыр Жунусов жоопкерчиликтүү мамиле, ачык-айкын иш жүргүзүү жана натыйжалуу башкаруу кесиптик бирлик уюмдарынын сапаттуу ишинин негизги шарттары экенин белгиледи. Ошондой эле ар бир уюм мүчөлөр менен тыгыз байланыш түзүп, өз ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө умтулушу зарылдыгын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө каржылык отчеттуулук, мыйзам талаптарын так сактоо жана иш тажрыйбасын өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болуп, катышуучулар өз ара тажрыйба бөлүшүп, кесиптик бирлик ишин өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын талкуулашты.

Иш-чарага Борбордук комитеттин Ош облусу боюнча өкүлү А. Саттаров, ошондой эле Ош облусунун райондук, Ош шаардык жана жогорку окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери катышты.

Кесиптик бирлик уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкаруу сапатын жакшыртуу жана каржылык тартипти чыңдоо – бүгүнкү күндүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.



Фото галерея