ОшТУда билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди - It's Over 9000!

ОшТУда билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди

оэаму ишиму oshimu омму oimu

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрүлдү. Иш-чарага профессордук-окутуучулук курам, жалпы кызматкерлер жана студенттер катышты.

Иш-чараны университеттин ректору Ж.Ж. Турсунбаев ачып, окуу жайда эмгектенип жаткан бардык профессордук-окутуучулук курамды кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады.

Майрамдык салтанатты ректорат, кесиптик бирлик комитети жана Технология жана жаратылышты пайдалануу институту уюштурду. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан окутуучулар менен кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын жана ОшТУнун Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары тапшырылды. Ошондой эле, Ош технологиялык университетинин кесиптик бирлиги майрамга колдоо көрсөтүп, баалуу белектерди тапшырды.

Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын Маданий эстетикалык борбору жана Технология жана жаратылышты пайдалануу институту концерттик программасын тартуулашты. Белгилүү породисттер, ырчылар жана бийчилер майрамдык маанайды жандандырып, салтанатка көрк кошушту. Институттун окутуучулары да ырларды аткарып, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулашты.



Фото галерея