Ошто билим берүү кызматкерлеринин XIX спартакиадасы өттү - It's Over 9000!

Ошто билим берүү кызматкерлеринин XIX спартакиадасы өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

Ошто билим берүү кызматкерлеринин XIX спартакиадасы өттү 18-19-май күндөрү Ош технологиялык университетинин базасында Ош облусундагы, Ош жана Манас шаарларындагы билим берүу кызматкерлеринин “Ден-соолук – 2026” спартакиадасы өттү. Спорттук иш чара КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин демөөрчүлүгү менен борбордук комитеттин Оштогу өкүлчүлүгү жана ОшТУнун кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулду. Мында спортчулар спорттун ордо, тогуз коргоол, шахмат, кичи фудбол, стол теннис, стритбол жана волейбол түрлөру боюнча мелдешишти. Саамалыкка КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов, ЖОЖдордун жетекчилери, төраганын кеңешчиси Абдыкадыр Жунусов, борбордук комитеттин Оштогу өкүлү Абсамат Саттаров жана ЖОЖдордун, райондордун, Ош шаарынын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана спортчулар катышты. Мелдештин жыйынтыгында командалык эсеп боюнча мектеп жана бала бакча кызматкерлери арасында III орунду Ош шаары, II орунду Өзгөн району ал эми I орунду Ноокат району камсыздады. Жогорку окуу жайлар арасында жалпы жыйынтык менен III орун ОшМПУ, II орун ОшТУ ал эми I орун ОшМУ аталды. Аталган жеңүучу командалар Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан диплом жана акчалай байге менен сыйланышты.


Фотогалерея