Кара-Кулжада селден жабыркаган 13 жаранга көмөк көрсөтүлдү - It's Over 9000!

Кара-Кулжада селден жабыркаган 13 жаранга көмөк көрсөтүлдү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

Алай-Кууда селден жабыркаган билим берүү кызматкерлерине Кесиптик бирликтен материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптикбирлик комитетинин төрайымы Насиба Таңатарова билдирди. 

Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл аймагында жайгашкан Терек айылында жаратылыш кырсыгы сел кесепети көптөгөн үйлөрдү короо жайларды каптап жергиликтүү элди жабыркатты. А.Абдымомунов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин мугалимдеринин жана техникалык кызматкерлеринин короо сарайларына сел кирген. Кесиптик бирлик тарабынан жабыркаган 10 мугалим жана 3 техникалык кызматкерлерге жалпы 13 жаранга 45000 сомдук гигиеналык тазалык буюмдары берилди. Жерибизде бөөдө кырсык болбосун, эли журтубуз тынч болсун!



Фотогалерея