НООКАТТА «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ-  ЖАРАТМАН МУГАЛИМ» АТАЛЫШТАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ - It's Over 9000!

НООКАТТА «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ-  ЖАРАТМАН МУГАЛИМ» АТАЛЫШТАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

оэаму ишиму oshimu омму oimu

НООКАТТА «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ-  ЖАРАТМАН МУГАЛИМ» АТАЛЫШТАГЫ МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

25-августта Ноокат районунда "Доор өзгөрткөн билим- жаратман мугалим!" аталышта жаңы окуу жылына карата мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешме Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынын маданият үйүндө болуп, ага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Кериимкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рустамбек Уулу Советбек  КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.Орозбаев, Ош билим берүү институтунун окуу иштери боюнча директордун орун басары А.Бабакулова, ардагерлер кеңеши, райондук мекеме иш-каналардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана билим берүү кызматкерлери катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Ноокат районундагы билим берүү тармагынын жетишкендиктери чагылдырылган видео тасма көрсөтүлүп, алдыңкы педагогикалык платформалар боюнча көргөзмөлөр  коюлду.

Кеңешменин жүрүшүндө Ноокат райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан 2026-2027-жаңы окуу жылына даярдыгы менен айырмаланган алдыңкы мектептер жана айыл өкмөттөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланды. 
Жалпы 15 мектепке жана социалдык өнөктөш катары 5 айыл-өкмөткө акчалай сыйлык, түрдүү багытта сыйлык алган 108 мугалимге жана өмүрүн билим берүү тармагына арнаган 5 "Эмгек сиңирген мугалимге" жана 33 ардагер мугалимге баалуу сыйлыктар берилди. 

Ал эми алдыңкы мугалимдерге КРнын Жогорку Кеңешинин, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын, Ош билим берүү институтунун, Ардагерлер кеңешинин жана Ноокат таңы гезитинин ардак грамоталары тапшырылды.



Фотогалерея