Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы С.А. Боенов жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Г.Т. Исаматова жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүү уюмдарындагы социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Макулдашууга кол коюшту.

Документ социалдык-эмгектик мамилелерди өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоого, тараптардын милдеттенмелерин тактоого жана кызматташуунун принциптерин бекемдөөгө багытталган.

Жолугушууда эмгек укуктарын коргоо, социалдык өнөктөштүктү чыңдоо жана тармактагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Кол коюлган Макулдашуу кызматкерлердин социалдык кепилдиктерин жакшыртууга жана тармактын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.