Кесиптик бирликтин сыйлыктары тапшырылды - It's Over 9000!

Кесиптик бирликтин сыйлыктары тапшырылды

оэаму ишиму oshimu омму oimu

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлдеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети Ош облусу жана Ош шаарындагы алдыңкы мүчөлөрүн бир катар сыйлыктарды тапшырды. Иш чара агартуу тармагынын кызматкерлеринин эмгегин баалоо, колдоо көрсөтүү максатында 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгына карата Ош мамлекеттик университетинин базасында уюштурулду. Сыйлоо аземге борбордук комитеттин төрагасынын кеңешчиси Абдыкадыр Жунусов, борбордук комитеттин Оштогу өкүлү Абсамат Саттаров, ЖОЖдордун, жана районолордун комитет төрага/төрайымдары жана билим берүү тармагынын өкүлдөру катышты. Иш чаранын жүрүшүндө кеңешчи А.Жунусов мугалимдердин кабр-баркын арттырууга жогорку өкүлчүлүктөр, өкмөт тарабынан алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп, жалпы агартуучуларды акыркы коңгуроо аземи менен куттуктады. Ошондой эле балдарга билим, тарбия берүү менен өлкөнүн өнүгүүсүнө түпкүрдөн салым кошуп жаткан бир катар билим берүү кызматкерлерине борбордук комитеттин ардак грамотасын жана кесиптик бирликтин мыктысы "Төш белгисин" тапшырды.


Photogallery