Ошто кесиптик бирликтин мыктылары сыйланды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлдеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети Ош облусу жана Ош шаарындагы алдыңкы мүчөлөрүнө бир катар сыйлыктарды тапшырды.
Иш чара агартуу тармагындагы кызматкерлердин эмгегин баалоо, колдоо көрсөтүү максатында 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгына карата Ош мамлекеттик университетинин базасында уюштурулду. Сыйлоо аземге борбордук комитеттин төрагасынын кеңешчиси Абдыкадыр Жунусов, борбордук комитеттин Оштогу өкүлү Абсамат Саттаров, ЖОЖдордун, жана районолордун комитет төрага/төрайымдары жана билим берүү тармагынын өкүлдөру катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө кеңешчи А.Жунусов мугалимдердин кадыр-баркын арттырууга жогорку өкүлчүлүктөр, өкмөт тарабынан алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп, жалпы агартуучуларды акыркы коңгуроо аземи менен куттуктады. Ошондой эле балдарга билим, тарбия берүү менен өлкөнүн өнүгүүсүнө түпкүрдөн салым кошуп жаткан бир катар билим берүү кызматкерлерине борбордук комитеттин ардак грамотасын жана кесиптик бирликтин мыктысы "Төш белгисин" тапшырды.